Москвада мекендешин сүзүп кеткен кыргызстандык таксист камалды

Москвада мекендешин сүзүп кеткен кыргызстандык таксист камалды

Москвада 3-сентябрда мекендешин сүзүп кеткен кыргызстандык таксист камакка алынды. Бул тууралуу Reporter.kg’ге Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин басма сөз кызматкери Назгүл Жусубакунова билдирди.

Белгилүү болгондой, таксинин айдоочусу — Кыргызстандын 30 жаштагы жараны.

«Россиянын ички иштер башкармалыгынын Москва шаарынын Туштүк-Батыш администравтивдик аймагы боюнча тергөө бөлүмү тарабынан такси айдоочусуна карата адам өлүмү менен аяктаган жол кырсыгы боюнча кылмыш иши козголуп, камакка алынды. Ал эми маркумдун сөөгү Кыргызстанга жөнөтүлдү», — деди ал.

Эскерте кетсек, Москва шаарынын прокуратурасынын маалыматы боюнча 3-сентябрда Профсоюзная көчөсүндө такси айдап бара жаткан адам жол чырактын кызыл белгисине токтобой, жолдон өтүп бара жаткан курьерди сүзүп кеткен. Ал жаран кырсык болгон жерде каза болгон.

Маалым болгондой, каза тапкан 34 жаштагы адам мурда Кыргызстандын жараны болгон. Кийинчерээк Россиянын жарандыгына өткөн.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>