Эмне үчүн альпинист Наговицынанын сөөгү дагы деле Жеңиш чокусунда — ӨКМдин жообуКОСУнун студенттери Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын уюштурууга катышатКыргызстанда «Мал аман» мамлекеттик ишканасы түзүлүп, жеке ветеринарлар ишке алынатМанас шаарында жаңы автобекет ишке кирдиБишкекте көчөдөгү жаңжалдын катышуучулары майда бейбаштык үчүн жоопко тартылдыЖапон окумуштуулары Ак-Бешим шаар чалдыбарында археологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүшөт
145 млн сом карыз. Эртең “Бишкексууканал” бересеси бар тургундардын суусун өчүрөт
03.02.2025 | 17:29
“Бишкексууканал” муниципалдык ишканасына бересеси бар шаар тургундарынын карызы 145 млн сомго (1 млн 658 миң доллар) жетип, барган сайын өсүүдө. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Шаар бийлиги карызын төлөбөгөн абоненттердин айынан оңдоо иштерин жүргүзүү, кызматкерлерге эмгек акы төлөө, суу түтүктөрүн, канализация, насостук станцияларды, тазалоочу курулмаларды жаңылоо кечеңдеп жатканын белгиледи.
Мэрия тургундарды карызын тез арада төлөөгө чакырат. Болбосо 4-февраль саат 10:00до ишкана бересеси барлардын суусун өчүрөт.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом