158 кг салмактагы кочкор. Кочкордо эң салмактуу кой-кочкорлор тандалды

22.12.2022 | 12:54

Кочкор районундагы көргөзмө-фестивалда эң салмактуу кой-кочкорлор тандалды. Бул тууралуу Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, көргөзмө-феставаль Кочкор райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгы Теңдик айылынын жаштары менен биргеликте асыл тукум койлорду жайылтуу максатында уюштурулган.

“Көргөзмө-фестивалга райондун бардык айыл өкмөттөрүнөн кызыктар болгон фермерлер келип, 400гө чукул кой-кочкорду аталган көргөзмөнүн сынактарынан өткөрүшкөн. Көргөзмөдө ар бир малдын бою ченелип, таразага салмагы тартылып, калыстар тобу тарабынан сындан өтүштү. Жыйынтыгында 1-орунду чоң кочкорлор арасында Чолпон айыл өкмөтүнүн Ара-Көл айылынын фермери Каныбек уулу Тимурдун кочкору ээледи, салмагы 158 кг болду. Ал эми козулар арасында Ак-Кыя айыл өкмөтүнүн Кара-Суу айылынын фермери Эрмек уулу Нурбектин козусу 1-орунду берген жок. 9 айлык козусунун салмагы 96 кг, бою 86 см болду. Койлор арасында Нурбек уулу Аргендин коюнун салмагы 125,5 кг, бою 91 см болуп биринчи орунду ээледи”, – деп айтылат маалыматта.

Жыйынтыгында жеңип чыккан мал ээлерине дипломдор тапшырылган.

[image_carousel source=”media: 170340,170341,170342,170343,170344,170345″ limit=”20″ slides_style=”default” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”yes”]

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Scroll to Top