Нарында облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун жаңы имараты ачылдыБишкектин айрым көчөлөрүндө 14–16-октябрда газ өчүрүлөтОрусия Кыргызстанга салыктык башкарууну жакшыртууга жардам беретСадыр Жапаров Бишкекте ипотекалык батирлерди пайдаланууга бердиЧеттен ташылып келген унааларды техникалык кароодон өткөрүү: Кыргызстанда жаңы эрежелер иштелип чыкты — чоо-жайыКыргызстандын аскерлери Беларуста ЖККУнун тынчтык орнотуу операциясын машыгууда
Бишкектин Ак-Ордо конушунда жаңы мектептин курулушу аяктады
02.09.2026 | 17:08

Бишкек шаарынын Ак-Ордо конушундагы Теңир-Тоо көчөсүнө салынып жаткан жаңы мектептин курулушу аяктады. Окуу жай Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгына карата 12-сентябрда пайдаланууга берилет. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, жаңы мектеп үч кабаттан жана 4 блоктон турат. Курулуш иштери үчүн каражат республикалык бюджеттен бөлүнгөн.
Имаратта химия жана физика лабораториялары, информатика классы, эмгек кабинеттери, ашкана, китепкана жана спорт залы жайгашкан. Ошондой эле мектептин аймагында футбол, волейбол жана баскетбол аянтчалары курулган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом
Теги: Курулуш министрлиги, мектеп