Кыргызстанга 20 млн сом инвестиция салгандар 10 жылга виза алат

Кыргызстанга 20 млн сом инвестиция салгандар 10 жылга виза алат

Бүгүн, 22-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар “Тышкы миграция жөнүндө” КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорун экинчи окууда карап, кабыл алышты.

Жыйында баяндама жасаган эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитеттин төрагасынын орун басары Ырысбек Атажанов белгилегендей, мыйзам долбоору чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга виза алуунун өзгөчө негиздерин түзүү жана виза алуу жоболорун жөнөкөйлөштүрүү максатында иштелип чыккан.

“Сунушталып жаткан мыйзам долбооруна ылайык, 10 млн сомдон кем эмес сумма чегерген чет өлкөлүк жаран же болбосо жарандыгы жок адам 5 жылга виза алууга укуктуу болот.  Ал эми 20 млн сомдон кем эмес сумманы чегерген чет өлкөлүк жаран 10 жылга виза алууга укук алат. Ошентип, чет өлкөлүк жарандар инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн талап кылынуучу бир кыйла узак мөөнөттү алууга мүмкүнчүлүк алышат”, — деп айтылат маалыматта.

Мыйзам долбоору инвестициялоо максатында Кыргызстанда жүргөн чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн инвестициялык визанын жарактуулук мөөнөтүн белгилеген толуктоо киргизүүнү сунуштайт.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>