158 кг салмактагы кочкор. Кочкордо эң салмактуу кой-кочкорлор тандалды

158 кг салмактагы кочкор. Кочкордо эң салмактуу кой-кочкорлор тандалды

Кочкор районундагы көргөзмө-фестивалда эң салмактуу кой-кочкорлор тандалды. Бул тууралуу Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, көргөзмө-феставаль Кочкор райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгы Теңдик айылынын жаштары менен биргеликте асыл тукум койлорду жайылтуу максатында уюштурулган.

«Көргөзмө-фестивалга райондун бардык айыл өкмөттөрүнөн кызыктар болгон фермерлер келип, 400гө чукул кой-кочкорду аталган көргөзмөнүн сынактарынан өткөрүшкөн. Көргөзмөдө ар бир малдын бою ченелип, таразага салмагы тартылып, калыстар тобу тарабынан сындан өтүштү. Жыйынтыгында 1-орунду чоң кочкорлор арасында Чолпон айыл өкмөтүнүн Ара-Көл айылынын фермери Каныбек уулу Тимурдун кочкору ээледи, салмагы 158 кг болду. Ал эми козулар арасында Ак-Кыя айыл өкмөтүнүн Кара-Суу айылынын фермери Эрмек уулу Нурбектин козусу 1-орунду берген жок. 9 айлык козусунун салмагы 96 кг, бою 86 см болду. Койлор арасында Нурбек уулу Аргендин коюнун салмагы 125,5 кг, бою 91 см болуп биринчи орунду ээледи», — деп айтылат маалыматта.

Жыйынтыгында жеңип чыккан мал ээлерине дипломдор тапшырылган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>