Депутат жапырт камалгандар боюнча: Сөзсүз Марат Казакпаевдей сөөгү чыгыш керекпи?!

Депутат жапырт камалгандар боюнча: Сөзсүз Марат Казакпаевдей сөөгү чыгыш керекпи?!

Бүгүн, 22-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Адахан Мадумаров Кемпир-Абад иши боюнча камакта отургандар боюнча маселе көтөрдү.

Жыйында Адахан Мадумаров камактагы отургандардын ичинен эки аял кишинин (Перизат Суранова жана Орозайым Нарматова — ред.) ден соолугу кескин начарлап кеткени айтылып жатканын белгиледи.

«28 жаран мыйзамсыз камалап отурат. Кечээ дарыгерлер эки кызыбызыдын ден соолугун карап, ден соолугуна аябай катуу коркунуч келип жатат, кайгылуу окуяга алып келиши мүмкүн деп коңгуроо кагууда. Бул жакта Жогорку Кеңеш бюджетти, мыйзамды, регламентти карайлы деп отурат. Биз кабыл алып жаткан мыйзамдар эч нерсе алып келбейт, эч нерсеге жарабайт. Өзүм билемдик менен кетүүнүн акыры жакшылыкка алып келбейт», — деди ал.

Мадумаров учурда №1 тергөө абагында отургандар быйыл июнь айында УКМКнын тергөө абагынан ооруканага которулуп, андан кийин каза болгон Марат Казакпаевге окшоп көз жумушу керекпи деп суроо салды.

«Эгерде ушул коңгуроого Жогорку Кеңеш же президент кулак какпаса, эртең азаптын чеңгелине кабылабыз. Же сөзсүз Марат Казакпеавге же башкаларга окшоп барган жерден сөөгү чыгышы керекпи?!», — деди ал.

Эскерте кетсек, былтыр апрелде УКМК тарабынан «мамлекеттик чыккынчылык кылууга» шектелип кармалып, УКМКнын тергөө абагында камакта болгон Марат Казакпаев быйыл июнь айында ден соолугу начарлап ооруканага которулуп, андан кийин көз жумган.

22-октябрда Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитети түзүлгөн. Анын курамына активисттер, саясатчылар жана депутаттар кирген. 23-октябрда массалык тинтүү иштери башталып, 20дан ашык адам кармалып, алар 48 саатка камалган.

24-октябрда Бишкек шаарында Кемпир-Абад суу сактагычынын астындагы жердин Өзбекстанга берилишине жана активист, саясатчылардын камалышына каршы жөө жүрүш өткөн. 25-октябрда Биринчи май райондук соту тарабынан алар эки айга камакка алынып, кийинчерээк 20-февралга чейин камакта калтырылган.

Активист жана саясатчылардын камалышы боюнча ИИМ түшүндүрмө берип, Кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси «Массалык баш аламандыктарды уюштурууга даярдануу» менен козголгон кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүп жатканын билдирген.

Учурда «массалык башаламандыктарга даярдык көрүүгө» шектелип кармалгандардын ичинен 20га жакын киши бир нече күндөн бери ачкачылык кармап жатышат. Алардын ичинен Перизат Суранова, Орозайым Нарматова жана Али Шабдандын абалы начарлаганы айтылууда.

Камактан комага түшкөн Марат Казакпаев каза болду

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>