16 жашка чыга элек балдарга жалпы жарандык паспорт берүү тартиби жөнөкөйлөтүлдү

28.05.2026 | 14:50
Жалпы жарандык паспорттун ички көрүнүшү

Өлкө башчы Садыр Жапаров 16 жашка чыга элек жарандарга жалпы жарандык паспортту тариздөө жол-жобосун жеңилдеткен мыйзамга кол койду. Ага ылайык, 16 жашка чейинки балага мындай түрдөгү паспорт ата-энесинин биринин же мыйзамдуу өкүлүнүн өтүнүчүнүн негизинде берилет.

«Кыргыз Республикасынын тышкы миграция жөнүндө» мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү караган документ Жогорку Кеңеш тарабынан ушул жылдын 15-апрелинде кабыл алынган.

Ошондой эле мыйзамда паспорт берүү тартиби төмөнкүдөй такталды:

  • Кыргызстандын аймагында документ калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан жаран кайрылган жер боюнча берилет.
  • Ал эми чет өлкөлөрдө паспорт дипломатиялык өкүлчүлүктөр жана консулдук мекемелер аркылуу берилет. Бул учурда эки ата-эненин тең макулдугу талап кылынат. Ата-энесинин биринин өтүнүчү жок болсо, документ соттун чечиминин негизинде таризделет.

Мындан тышкары, мыйзамда өзгөчө кырдаал, өзгөчө абал же согуш абалы учурунда мөөнөтү аяктаган балдардын паспортторунун колдонуу мөөнөтүн узартуу мүмкүнчүлүгү каралган. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн (25-май) тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Эске салсак, буга чейин 16 жашка чейинки балдарга жалпы жарандык (ред. загран) паспорт берүү үчүн ата-эненин экөөсүнүн тең макулдугу керек болчу. Бул иш жүзүндө бир топ кыйынчылыктарды жаратып келген. Себеби ата-эненин бири чет өлкөдө болушу, байланышта болбошу же таптакыр баланын тарбиясына катышпашы мүмкүн. Мындай учурларда экинчи ата-эне сотко кайрылып, уруксат алууга аргасыз болуп келген. Бул көп убакытты жана кошумча чыгымдарды талап кылып келген.

Теги: паспорт
Scroll to Top