Кыргызстан ИДПнын өсүү темпи боюнча дүйнөлүк лидерлердин үчилтигине кирди

28.05.2026 | 14:39
Эрлист Акунбеков

ЭВФтин (Эл аралык валюта фонду) маалыматы боюнча, Кыргызстан 2025-жылдын жыйынтыгы менен дүйнөдөгү эң тез өнүгүп жаткан үч экономиканын бири деп таанылды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков бүгүн, 28-майда Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан ШКУ (Шанхай кызматташтык уюму) өлкөлөрүнүн аймак башчыларынору форумунун ачылышында билдирди. Анын айтымында, өткөн жылы республиканын ИДПсынын өсүшү 11,1%ды түзсө, 2026-жылдын төрт айында ал 12,4%га чейин ылдамдаган.

Экономикалык секирик акыркы төрт жылда ШКУ өлкөлөрү менен товар жүгүртүүнүн эки эсеге көбөйүшү менен коштолууда. Учурда стратегиялык маанилүү долбоорлор: «Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан» темир жолунун курулушу, жаңы «Бедел» көзөмөл-өткөрүү пунктун (КӨП) ишке киргизүү жана «Тамчы» атайын каржылык аймагын түзүү жигердүү ишке ашырылууда. Бийлик индустриялаштырууга жана аймактардын соода-логистикалык дараметин өнүктүрүүгө басым жасоодо.

Форумдун алкагында катышуучуларга «Ала-Тоо Резорт» туристтик кластери тааныштырылып, делегациялар август айынын аягында Ысык-Көлдө өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына расмий чакырылды. Кыргызстан Шанхай кызматташтык уюмунун мейкиндигинде негизги инвестициялык хаб жана транспорттук көпүрө болууга даярдыгын тастыктады.

Scroll to Top