Сокулук РИИБдин жетекчиси катышкан жол кырсыгы: Каза болгон жарандын жакындары Чойбековго жазган арызын кайтарып алды

Сокулук РИИБдин жетекчиси катышкан жол кырсыгы: Каза болгон жарандын жакындары Чойбековго жазган арызын кайтарып алды

Сокулук райондук милициясынын жетекчиси Максат Чойбеков катышкан жол кырсыгында жаракат алып, каза болгон айдоочунун жакындары доо арызын кайра алышты. Бул тууралуу күч түзүмдөрүнөн билдирди.

Маалыматка ылайык, Максат Чойбеков каза болгон жарандын үй-бүлөсүнө моралдык жана материалдык компенсация төлөп берген. Жапа чеккен үйбүлө Чойбековго доосу жок экенин билдирди.

Жабырлануучу кичи автобустун айдоочусу өткөн жылдын 9-декабрында ооруканадан каза болгон. Окуя 7-ноябрь күнү катталган. Анда Mercedes Benz унаасы менен менен баратып, Mercedes Sprinter унаасы менен кагылышкан. Кырсыктын кесепетинен эки унаанын айдоочусу жана кичи автобустагы эки жүргүнчү жараат алып, ооруканага жеткирилген.

Бул окуяга байланыштуу Сокулук райондук милициясынын жетекчиси Максат Чойбеков кызматтан убактылуу четтетилип, ишти иликтөө УКМКга тапшырылган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>