Бишкекте аялдардын туризмдеги ролу боюнча эл аралык форум өтөтОш шаарында жаңы Юстиция үйү ачылдыТрамп UFC башчысы Дана Уайтка жана Хабиб Нурмагомедовго Ак үйдөн кызмат сунуштадыМосква районунда 200 гектар жерге индустриалдык-логистикалык парк курулатКыргызстан менен Түштүк Корея достук паркына 85 түп эмен көчөтү отургузулдуБишкекте Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу Николай Мироненко дүйнө салды
Кыргызстанда документтери жок 2,2 млн сомдук товарларды алып кирүүгө бөгөт коюлду
24.07.2026 | 16:46

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө өлкөгө косметикалык каражаттардын жана эл керектөөчү товарлардын ири партиясын мыйзамсыз алып кирүү аракетин токтотушту.
Жүк ташуучу унааны текшерүү учурунда тийиштүү коштомо документтери жок алынып келе жаткан косметика жана ар кандай эл керектөөчү товарлар табылган. Алдын ала маалыматтар боюнча, эсепке алынбаган товардын жалпы баасы 2,2 млн сомдон ашат.
Учурда мамлекеттик бюджеттин кирешесине тийиштүү салык төлөмдөрүн өндүрүү боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө.
Теги: ГНС