Украинадагы согушка катышкан Кыргызстандын жараны соттолду

Украинадагы согушка катышкан Кыргызстандын жараны соттолду

Украинадагы согушка катышкан Кыргызстандын жаранына сот өкүмү чыкты. Бул тууралуу Жогорку соттун сайтында айтылат. Аталган иш Биринчи май райондук сотунда каралып, өкүм 16-майда чыккан.

Токтомдо айтылгандай, Кыргызстандын 31 жаштагы А.К. уулу аттуу жараны 2022-жылдын жай айында акча үчүн Россия менен Украинанын ортосундагы «куралдуу кагылышка» катышуу үчүн өзүн «Луганск Элдик Республикасы» деп атаган жикчил аймактын куралдуу тобунун катарына кошулган. Ага согушка катышканы үчүн ай сайын 180 миң рублдан төлөнгөн.

Айыпталуучуга Кылмыш-жаза кодексинин 416-беренеси 2-бөлүгү (Жалдануучулук) боюнча айып тагылган.

Соттук отурумда айыпталуучу күнөөсүн мойнуна алган эмес. Анын айтымында, ал 2010-жылы Москвага алгач ирет барып, кара жумуштарда иштеген. Кийин 2021-жылдын жай айларында Москвада Кыргызстандын элчилигинин жанында авиакасса ачкан. Бирок Россия Украинага каршы «атайын операция» баштагандан кийин аба каттамдар токтоп, иши жүрүшпөй, жабылып калган. Андан кийин жеке ишкерчилик менен алектенүүнү көздөгөн. Бирок ал үчүн Россиянын паспорту талап кылынган. Паспорт алуу үчүн аскерге жазылган.

Айыпталуучу билдиргендей,  ал Украинага барган эмес, «Луганск Элдик Республикасынын» аймагында болгон (Украинага таандык болгон бул аймакты Кремль колдогон жикчилдер 2014-жылы өз алдынча «Луганск Элдик Республикасы» деп жарыялап, кийин Россия аннексиялап алган. Кыргызстан аны тааныган эмес.). Ал аскерде 5 ай болгонун, куралдуу кагылыштарга катышпаганын айткан. Соттон пробация колдонууну суранган.

Белгилүү болгондой, айыпталуучу Кыргызстанга 2022-жылдын ноябрь айында келген. 2023-жылдын 11-январында УКМК кызматкерлери үйүнө келип, Украинадагы согушка катышканы үчүн кармап кеткен.

Сот тараптарды угуп, жыйынтыгында айыпталуучуну күнөөлүү деп тапкан. Соттун чечими менен А.К. уулу 10 жылга эркинен ажыратылган.

Эскерте кетсек, быйыл 12-январда УКМК Украинадагы согушка катышкан Кыргызстандын жараны кармалганы тууралуу кабарлаган.

Укук коргоо органдары чет мамлекеттин аймагындагы куралдуу кагылышууга катышкан жарандар кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертип келет.

Былтыр 24-февралда Россия Украинага кол салган. Анда тутанган согуш азыркы күнгө чейин уланып келет.

Украинадагы согушка катышкан Кыргызстандын жараны кармалды

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>