Сузакта үч баланын энеси алимент өндүрө албай келет. Чоо-жайы

Сузакта үч баланын энеси алимент өндүрө албай келет. Чоо-жайы

Сузак районунун тургуну үч баласы үчүн мурунку күйөөсүнөн алимент өндүрө албай келет. Бул тууралуу Жалал-Абаддагы «Адилет» укук коргоо уюмунан билдиришти.

«Адилет» уюмунун юристтери алимент өндүрүүдө райондун жана облустун прокуратурасынын аракетсиздигинен жана жоопкерчиликсиздигинен улам Башкы прокуратурага кайрылууга аргасыз болууда.

Окуя 2020-жылы башталган. Сузак районунун 31 жаштагы тургуну М.З. үч баласына алимент өндүрүү боюнча мурунку күйөөсүнө арыз менен кайрылган. 2022-жылдын январь айынан баштап күйөөсү алимент төлөөнү токтотуп, бүгүнкү күнгө чейин 134 миң сомдон ашык карыз топтолгон.

Бул боюнча Сузак райондук соттук аткаруучулар кызматынын бөлүмү тарабынан аткаруу өндүрүшүндөгү материалдардын көчүрмөлөрү карызкорго чара көрүү үчүн Сузак РИИБге өткөрүлүп берилген.

2023-жылдын 19-мартында Сузак РИИБ тарабынан тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталып, анын жыйынтыгында тергөөчү А.Улугбек уулу адвокаттардын айтымында, кылмыш ишин козгоодон баш тартуу боюнча мыйзамсыз жана негизсиз чечим кабыл алган. Тергөөчү карызкордун аракетинде алимент төлөөдөн кыянаттык менен качуу болгон эмес деген жыйынтык чыгарган,  анткени ал алимент боюнча өз милдеттерин жарым-жартылай (2500 сом) аткарган.

Бирок “Акыйкат” укук коргоо уюмунун юристи Элдор Бакиров бул жоромол менен таптакыр макул эмес. Анын пикиринде, эгерде карызкор үч айдан бери алимент төлөбөсө, анда бул алимент төлөөдөн кыянаттык менен качуу катары каралышы мүмкүн.

2023-жылдын 31-мартында адвокат Элдор Бакиров Сузак районунун прокуратурасына РИИБдин тергөөчүсүнүн токтомун жокко чыгаруу жана ага негизсиз аракеттери үчүн чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган. Бирок райондук прокуратура жактоочунун тергөөчүгө чара көрүү өтүнүчүн четке каккан.

Облустук прокуратура 2023-жылдын 29-апрелиндеги жооп катында прокурорго карата көрүлгөн чаралар тууралуу сөз кылбастан, ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсүнө карата чара көрүү жөнүндө Жалал-Абад облусунун ИИБге сунуштоо гана көрсөтүлгөн.

«Ушундай аракетсиздиктин жана тергөөчүнүн жана көзөмөл органынын жоопкерсиздигинен улам акчага муктаж болгон аял жабыркап жатат», — дейт адвокат Элдор Бакиров.

Райондун жана облустун прокуратурасынын жана РИИБдин тергөөчүсүнүн алимент өндүрүү боюнча аракетсиздигине жана жоопкерчиликсиздигине байланыштуу укук коргоочулар Башкы прокуратурасына кайрылууга аргасыз болушкан.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>