Бишкекте «Селсаяк» аттуу иш-чара өткөрүлүүдө (видео)

Бишкекте «Селсаяк» аттуу иш-чара өткөрүлүүдө (видео)

Бишкектин Ленин районунда «Селсаяк» аталышындагы профилактикалык иш-чара өткөрүлүүдө. Бул тууралуу райондук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, иш-чара Бишкек шаардык жана Ленин райондук милициясынын Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы тарабынан жүргүзүлүп, ал жашаган жери жок, тилемчилик кылган адамдарды аныктоого багытталган.

Иш-чара 1-2-август күндөрү өткөрүлөт. Биринчи күндө жашаган жери жок 37 адам аныкталып, милицияга жеткирилген. Алардын бармак издери алынып, сүрөткө түшүрүлүп, каттоого тургузулган.

Андан тышкары, алар менен профилактикалык сүйлөшүү жүргүзүлгөн. Майда бейбаштык жасаганы үчүн 15 адам кабыл алып-бөлүштүрүүчү жайга жайгаштырылган.

Ошондой эле, иш-чаранын жүрүшүндө Ош базарындагы дарыканалардын кызматкерлери менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, мыйзамга ылайык, курамында баңги жана психотроптук заттар бар дары-дармек дарыгер жазып берген кагаз боюнча сатылары эскертилген.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>