20-майга карата аба ырайы

20-майга карата аба ырайы

Кыргызгидромет билдиргендей, түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен, Нарын облустарынын айрым жерлеринде мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусу

түнкүсүн +8…+13

күндүз +20…+25

Талас облусу

түнкүсүн +7…+12

күндүз +16…+21

Баткен облусу

түнкүсүн +14…+19

күндүз +21…+26

Ош, Жалал-Абад облустары

түнкүсүн +14…+19

күндүз +21…+26

Ысык-Көл облусу

түнкүсүн +5…+10

күндүз +16…+21

Нарын облусу

түнкүсүн +4…+9

күндүз +15…+20

Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Абанын төмөнкү температурасы түнкүсүн 10…12, күндүзгү жогорку температурасы 22…24° болот.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: аба ырайы

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>