Улан кызынын өлүмү: Көрсөтмөсүн өзгөртүүнү талап кылган киши кармалды

Улан кызынын өлүмү: Көрсөтмөсүн өзгөртүүнү талап кылган киши кармалды

Бишкек шаардык прокуратурасы автокырсыктан каза тапкан ИИМдин Академиясын курсанты Айза Улан кызынын өлүмү боюнча кылмыш ишин тергөөнү улантууда.

Тергөөнүн алкагында М.Л.Ж. аттуу жаран күбө катары суракка алынып, тергөө органдарына учурда айыпталып жаткан У.Э.Н.нын автокырсыкка тийиштүүлүгү тууралуу олуттуу маалыматтарды билдирген. Андан киин Р.у.Д. аттуу жаран М.Л.Ж.нын жеке маалыматтарын социалдык тармактарда таратуу жана каралоо менен коркутуп, ага жалган көрсөтмө берүүнү жана У.Э.Н.га каршы мурда берилген көрсөтмөлрдөн баш тартууну талап кылган.

Белгилей кетсек, Р.у.Д. аттуу жаран Айза Улан кызынын өлүмүндө айыпталып жаткан негизги айыпталуучу У.Э.Н.нын таанышы болуп эсептелет.

2023-жылдын 18-майынан 19-майына караган түнү Бишкек шаардык прокуратурасы жана Бишкек шаарын ички иштер башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн тергөө-оперативдүү иш- чаралардын жыйынтыгы боюнча күбөгө кысым көрсөтүү фактысы катталгандан киин Р.у.Д. аттуу жаран кармалып, Бишкек шаарынын ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Андан аркы тергөө-ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө Р.у.Д. аттуу жаран «ВЭБ-кам студияларынын» уюштуруучусу экендиги аныкталган. Ал Бишкек шаарынын аймагында порнографык материалдарды таратууга байланышкан виртуалдык интим кызматтарын көрсөтүү үчүн жаш кыздарды тартуу аркылуу мыйзамсыз иш жүргүзүп келгендиги такталды. Кечиктирилгис тергөө аракеттерин жүргүзүүдө укукка каршы иш-аракетти күбөлөндүргөн буюмдук далилдер табылып, алынды.

Учурда иштин бардык жагдайлары боюнча активдүү тергөө аракеттери жүрүп жатат.

Айза Улан кызын сүзүп кеткен айдоочу эки айга камалды

 

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>