Кыргызстанда чыгарылган дрон жана зооттолгон унаа сыноодон өткөрүлдү

Кыргызстанда чыгарылган дрон жана зооттолгон унаа сыноодон өткөрүлдү

Кыргызстанда чыгарылган «Тигр», «Аксум» жана «Тойота Ленд Крузер79» зооттолгон атайын унаалар жана дрон сыноодон өткөрүлдү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирет.

Атамекендик аскердик техника ири калибрдүү пулемет менен жабдылып,  жапыз учкан буталары менен абадагы жана жердеги десантын жок кылууга багытталган.

Аларды колдонуу менен “Эдельвейс” аскер полигонунда өткөн машыгууга президент Садыр Жапаров катышты.

Машыгууда  «Акынжы» жана «Аксүнгүр» учкучсуз учуучу аппараттары дагы катышты.

Белгилей кетсек, «Акынжы» жана «Аксүнгүр»аппараттарынын Кыргызстанга келгени 28-октябрда кабарланды. 2021-жылы Кыргызстан «Байрактарды», 2023-жылдын башында ANKA учуучу аппаратын сатып алганы кабарланган.

Кыргызстанга  «Акынжы» жана «Аксүнгүр»  учкучсуз учуучу аппараттары келди

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>