2028-жылкы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Россияда өтөт — ЖМК

Казань 2028-жылы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү укугу үчүн күрөштө жеңишке жетти. Бул тууралуу жергиликтүү басылма өз булактарына таянуу менен билдирет.
Оюндарды өткөрүү үчүн күрөш күтүүсүздөн Россиянын ичинде башталганы белгиленет. Даярдык иштеринин баарын Татарстан жүргүзгөнүнө карабастан, Москвада биргелешкен билдирме берүү варианты олуттуу каралган.
Варианттардын бирине ылайык, Казань Оюндарды Алтай Республикасы менен бирге өткөрүшү керек болчу, бирок ал жакта зарыл болгон инфраструктура жок экени аныкталган. Ошондой эле Казань менен Уфанын биргелешкен билдирмеси да каралып, ал акыркы этапта фаворит катары эсептелген.
«Бул жерде Татарстандын лоббисттик аракеттери натыйжа берди. Татарстандын башчысы (Раиси) Рустам Минниханов мелдешке кеткен чыгымдардын бир бөлүгүн өзүнө алууга даяр экенин билдирген, ал эми Татарстандын спорт министри Владимир Леонов бул позицияны Россиянын Спорт министрлигинин жетекчилигине ыкчам жеткирген», — деп айтылат маалыматта.
Буга чейин аталган басылма Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Татарстандын жетекчилигине Оюндарды аталган республикада өткөрүү өтүнүчү менен кайрылганын кабарлаган.
Желекти өткөрүп берүү аземи сентябрь айынын биринчи жарымында Бишкекте, учурдагы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жабылышында өтөт.
Эске салсак, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары — этникалык спорт түрлөрү боюнча эл аралык спорттук мелдештер. Анын программасына жаа атуу, ат оюндары жана көчмөн элдердин башка салттуу оюндары кирет.
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары (ДКӨ) Кыргызстанда 2026-жылдын 31-августунан 6-сентябрына чейин өтөт.
Reporter.kg — ДКӨнүн маалыматтык өнөктөшү.