Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы жеткирилди

18.08.2026 | 14:52
Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы жеткирилди — иллюстрация

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү-майлоочу материалдардын алгачкы партиясы жеткирилди. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков Синьцзян-Уйгур автономдуу районундагы (СУАР) Кытайдын Коммунисттик партиясынын комитетинин катчысы Чэнь Сяоцзян менен жолугушуусунда билдирди.

Министрлер кабинетинин маалыматында, бул жолугушууда Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү-майлоочу материалдарды ташып келүү процессин жеңилдетүү жана тездетүү макулдашылды.

Ошондой эле тараптар эки өлкөнүн мунай компанияларынын ортосунда түз байланыштарды орнотуу жана күйүүчү-майлоочу материалдарды (КММ) жеткирүүнү тездетүү маселелерин талкуулашкан. Эрлист Акунбековдун айтымында, кыргызстандык бир катар компаниялар авиакеросин жана дизель отунун жеткирүү боюнча келишимдерге кол коюп, КММдин алгачкы партиялары Кытайдан Кыргызстанга ийгиликтүү жеткирилди.

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы жеткирилди — Новости Кыргызстана

Мындан тышкары, тараптар төмөнкү долбоорлорду ишке ашырууну сүйлөшүшкөн:

  • Кыргызстандагы мунай жана газ кендерин чалгындоо;
  • мунайды кайра иштетүүчү заводдорду куруу;
  • чек араларда сактоо жана транзиттик инфраструктураларды түзүү.

Чэнь Сяоцзян кытай тарап кызматташуунун жаңы багыттарына кызыкдар экенин жана биргелешкен долбоорлорду колдой турганын билдирген.

Минкаб жогоруда аталган жумушчу жолугушууларда иштелип чыккан маанилүү документтерге жакынкы күндөрдө өтө турган ШКУнун саммитинин жана Кытай төрагасынын Кыргызстанга боло турган сапарынын алкагында кол коюу пландалып жатканын кошумчалады.

Scroll to Top