Кеминде мыйзамсыз курулуп жаткан завод аныкталып, айып пул салындыОш — Алай жолундагы сел унааны агызып кетип, 6 адам каза болдуКуршаб ооруканасы бир жылда кадр тартыштыгы маселесин чечип, 22 адисти ишке тарттыКыргызстандын банк секторунун активдери жыл башынан бери дээрлик 30%га өстү25-июнга карата аба ырайынын божомолуБишкекте аял жүк ташуучу унаанын астында калып, каза болду
Париж-2024. Бүгүн Шаршенбеков менен Жуманазарова күрөшөт
05.08.2024 | 09:20
Бүгүн, 5-августта Париждеги Олимпиада оюндарынын алкагында күрөш боюнча мелдештер башталат. Таймаштар 11-августка чейин созулат.
Мелдештин биринчи күнүндө грек-римден 60, 130 кг салмактагы жана кыз-келиндер күрөшүнөн 68 кг салмактагы балбандардын беттештери өтөт.
Кыргызстандан 60 кг салмакта Жоламан Шаршенбеков жана 68 кг салмакта балбан кыз Мээрим Жуманазарова таймашка чыгат. 130 кг ченинде Кыргызстанда лицензия жок.
Шаршенбековдун алгачкы кармашында атаандашы казакстандык Айдос Султангали болот. Ал эми Жуманазарова монголиялык Делгермаа Энхсайхан менен кез келет.
Беттештер саат 19:00до башталат.