Ош — Алай жолундагы сел унааны агызып кетип, 6 адам каза болду

25.06.2026 | 09:55
Ош — Алай жолундагы сел унааны агызып кетип, 6 адам каза болду — Новости Кыргызстана

Кечээ, 24-июнда Ош облусунун Кара-Суу районунда болгон селден улам алты адам каза таап, эки адам жаракат алды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин облустук башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жааган жамгырдан улам Ош-Алай унаа жолунун 58-чакырымында сел жүрүп, жеңил автоунааны агызып кеткен. Жергиликтүү жарандар окуя болгон жерден эки жарандын сөөгүн алып чыгышкан. Ал эми 3 жарандын сөөгүн куткаруучулар табышкан. Бир жаран тез жардам кызматы аркылуу ооруканага бара жаткан учурда каза тапкан. Ал эми ар кандай жаракаттарды алган эки адам ооруканага жеткирилип, медициналык жардам алууда.

Мекеме учурда окуянын жагдайларын тактоо жана каза болгондордун өздүгүн аныктоо иштери жүрүп жатканын билдирди. Тиешелүү экспертизалар дайындалган

ӨКМ жарандарды жаан-чачын учурунда тоолуу аймактарда этият болууга жана коопсуздук эрежелерин сактоого чакырды.

Теги: ӨКМ, сел
Scroll to Top