Кыргызстандын банк секторунун активдери жыл башынан бери дээрлик 30%га өстү

Кыргызстандын банк сектору жогорку өсүү ыргагын көрсөтүүдө: 2026-жылдын 30-апрелине карата коммерциялык банктардын жалпы активдери 28,6%га көбөйүп, 1,56 триллион сомго жетти. Бүгүнкү күндө республикада 24 коммерциялык банк жана 306 филиалдан турган тармак иш алып барууда.
Экономиканы насыялоодо да жигердүү өсүш байкалууда: жыл башынан бери насыя куржуну 12,4%га өсүп, 569,8 млрд сомду түздү. Калктын топтоолору чөйрөсүндө да оң динамика сакталууда — депозиттердин көлөмү 6,7%га көбөйүп, 924,1 млрд сомго жетти.
Бул көрсөткүчтөр республиканын банк тутумуна болгон ишенимдин чыңдалып жатканын жана экономиканы каржылоо көлөмүнүн өскөнүн айгинелейт. Активдердин жана насыялоонун өсүшү каржы секторунун туруктуулугун жана анын бизнестин жана калктын жеткиликтүү банктык кызматтарга болгон өсүп жаткан муктаждыктарын камсыз кылууга кудуреттүү экенин тастыктайт.