Эми аялынын уруксатысыз унаасын каттата албайт

Эми аялынын уруксатысыз унаасын каттата албайт

Кыргызстанда транспорт каражаттарын ээликтен ажыратууда сөзсүз түрдө жубайлардын нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн макулдугу талап кылынат. Бул тууралуу “Унаа” мамлекеттик мекемеси билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган мыйзам 3-июлдан тарта күчүнө кирет.

Жубайлардын никеге турганда сатып алган мүлкү, анын ичинде транспорт каражаттары орток мүлк болуп саналат. Ага ылайык, жубайлардын жалпы мүлкүнө ээлик кылуу, пайдалануу жана тескөө алардын өз ара макулдугу менен ишке ашат”, — деп айтылат маалыматта.

Белгилеп кетсек, эгерде кыймылдуу мүлк жубайлардын биринин жеке менчиги болуп саналса же биргелешип алынган мүлктү бөлүштүрүү мурдараак жүргүзүлсө, же болбосо ажыратуучу жак никеде турбаса, жубайынын макулдугу талап кылынбайт.

Кошумчалай кетсек, “Унаа мекемеси” жарандардан транспорт каражаттарын, орнотмолорду жана жабдууларды ажыратууда үй-бүлөлүк мыйзамга баш ийүүнү суранат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>