22 жылдан бери дайынсыз Болотбек Турусбековду кызы издеп жатат

22 жылдан бери дайынсыз Болотбек Турусбековду кызы издеп жатат

Милиция кызматкерлери дайынсыз жоголгон Нарын облусунун Тянь-Шань районунун Дөбөлү айылында 1964-жылы туулган Болотбек Турусбековду издеп жатат. Аны акыркы жолу 2000-жылдын июль айында Ысык-Көлдүн Булан-Сөгөттү (Комсомольское) айылында көргөн. Бул тууралуу Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2022-жылдын 26-майында Турусбековдун кызы Бишкектин Ленин райондук ички иштер башкармалыгына анын жоголгондугу тууралуу арыз менен кайрылган. Ал эми ал жерден облустук тиешелүүлүгүнө ылайык Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.

Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери дайынсыз жоголгон адам тууралуу маалыматы барлардан 102, 03943 4 39 80, 0505 23 33 22, 0501 18 35 55, 0709 20 30 87 телефондору аркылуу кабарлап коюуну суранат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>