Ысык-Көлдө 120 орундуу бала бакча ачылды

Ысык-Көлдө 120 орундуу бала бакча ачылды

Ысык-Көл районуна караштуу Чок-Тал айылында 2-декабрда эки кабаттуу заманбап «Наристе» бала бакчасы ачылды. Бул тууралуу  парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Ачылышка «Элдик» депутаттык тобунун лидери Акылбек Түмөнбаев, «Элдик» депутаттык тобунун мүчөлөрү, депутаттар Аманкан Кенжебаев, Мирлан Самыйкожо, Максатбек Сарбагышев  жана  «Альянс» парламенттик фракциясынын депутаты Гүлкан  Молдобекова катышты.

«2019-жылы инвестордун колдоосу менен каржылоого алынып, сметалык наркы 49069,2 миң сомду түзгөн 2 кабаттуу мектепке чейинки билим берүү мекемеси 120 балага ылайыкташтырылып, ички эмеректери жаңыланып, заманбап жабдуулар менен камсыздандырылган», деп айтылат маалыматта.

Эл өкүлдөрү  Жогорку Кеңештин атынан ыраазычылык кат, белектерин  тапшырышты. Ошондой эле калын элге ынтымак,  бала бакчанын жалпы жааматына ийгиликтерди каалашты.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>