Ошто жүзүн жашырып жүргөн 28 жаранга 20 миң сомдон айып пул салындыБШК: Соцтармакта “лайк” басуу же маалымат бөлүшүү да админресурска киретТалас облусу Япония менен кызматташтыкты бекемдейтМИКтин үйлөрүнө ачылган кошумча класстар маселени канчалык чечет? Жашоочулар эмне дейт?Улуттук банк ислам принциптери менен иштеген банктарды жөнгө салуучу ченемдерге өзгөртүүлөрдү киргиздиДүйнөлүк банк Кыргызстандагы билим берүү долбооруна 6,36 млн доллар каржылады
30-апрель: Коронавирус 331 адамдан аныкталып, 6 киши каза болду
30.04.2021 | 10:58
Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 инфекциясынын жаңы 325 учуру катталды. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдан билдирди.
Маалыматка ылайык, соңку суткада 5099 кишиден ПЧР тест алынган.
Алар:
Бишкек шаарында – 211;
Ош шаарында – 5;
Чүй облусунда – 83;
Ош облусунда – 3;
Талас облусунда – 0;
Нарын облусунда – 2;
Ысык-Көл облусунда – 25;
Жалал-Абад облусунда – 0;
Баткен облусунда – 2.
Ошондой эле инфекция 6 медицина кызматкеринен табылган.
Ал эми COVID-19 жана пневмониядан бир суткада 268 бейтап сакайды. Илдеттен Бишкекте 2, Чүйдө 2, Ысык-Көл облусунда 2 киши каза болду.
Белгилей кетсек, пандемия башталгандан бери COVID-19 95 миң 275 адамдан аныкталды. Анын ичинен 89 миң 191 бейтап айыгып, 1 миң 604 киши каза болду.
Рубрики: Жаңылыктар