БА өлкөлөрүнө көп вектордуу саясат гана жетишсиз — экспертСадыр Жапаров: 2030-жылга чейин өлкөдө 60 жаңы маданий объект курулатПрезидент келечекте «Студенттик насыя» механизми ишке киргизилерин билдирдиСадыр Жапаров: үй-бүлө мамлекеттик саясаттын көңүл чордонунда болот«Балдарды камактагылардай колдонуп жатышат»: Бекешев мектептердеги эмгек иштери тууралууСадыр Жапаров: чыныгы инвестордун артынан чиновниктер өздөрү чуркашы керек
Тажиктер Интернационалдын айыл башчысын барымтага алышкан
30.04.2021 | 11:32
Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл аймагынын Борбордук айылында Тажикстандын аскер техникалары айылды аралап жүрөт. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынан Reporter.kg’ге билдирди.
Интернационал айылынын кыргыз жарандарына тиешелүү болгон “Жилой дом” турак-үйлөргө тажик аскер кызматкерлери кирип алган.
«Бул участкага жакын аймакта кыргыз жарандарынын экөөсү каза болгондугун тактоо максатында Интернационалдын айыл башчысы барган учурда, таджик жарандары аны барымтага алып алышкан», – деп маалымдашты.
Бул факт Лейлек РИИБнин кылмыштардын жана жооруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз республикасынын Жазык кодексинин 380-беренеси (Тынчтыкка каршы кылмыштар) менен катталып сотко чейинки өндүрүш иши башталган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом