Венгриянын улуттук академиясына кыргыз боз үйү белекке берилдиАкжол Махмудов Астанадагы күрөш боюнча дүйнө чемпионатында коло медаль жеңдиБишкекте «Кыялымдагы Кыргызстан» жаштар форуму өтөтОш шаарында жаңы онкологиялык борбор курулатЖамгыр, тоолорго кар жаап, түнкүсүн үшүк жүрөт: 26-октябрга карата аба ырайыБанктар сом менен чет өлкөлүк валютага караганда 15 эсе көп депозит кабыл алышты
Ош шаарында жаңы онкологиялык борбор курулат
26.10.2026 | 09:45

Ош шаарына жаңы онкологиялык борбор, ошондой эле 400 орунга ылайыкталган жугуштуу оорулар ооруканасын куруу пландалууда. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Долбоорго ылайык, онкологиялык борбор Төлөйкөн айылындагы мурдагы балдар кургак учук санаторийинин аймагына, ал эми 400 орундуу жугуштуу оорулар ооруканасы Кең-Сай конушуна курулат.
Ислам өнүктүрүү банкынын өкүлдөрү курулуш пландалган жер тилкелери жана жергиликтүү медициналык мекемелердин абалы менен таанышышкан.
Сапардын алкагында Ош шаарынын мэринин орун басары Масуда Айдарбекова менен банктын өкүлдөрүнүн жолугушуусу өтүп, долбоорлорду каржылоо жана ишке ашыруу кадамдары талкууланган.
Рубрики: Жаңылыктар, Медицина