26-июль: Кыргызстанда +37°Cге чейин ысыйт, айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөйт

26.07.2026 | 10:00
26-июль: Кыргызстанда +37°Cге чейин ысыйт, айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөйт — Новости Кыргызстана

Бүгүн, 26-июлда түнкүсүн Чүй жана Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт деп билдирет Кыргызгидромет.

Күндүз Ысык-Көл облусунун басымдуу бөлүгүндө, ошондой эле Чүй, Ош, Баткен жана Нарын облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Талас жана Жалал-Абад облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетип, күндүз Ысык-Көл жана Нарын облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге чейин күчөшү мүмкүн.

Мекеменин маалыматы боюнча абанын температурасы:

  • Чүй облусунда түнкүсүн +15…+20°C, күндүз +31…+36°C;
  • Талас облусунда түнкүсүн +13…+18°C, күндүз +28…+33°C;
  • Ош облусунда түнкүсүн +18…+23°C, күндүз +32…+37°C;
  • Жалал-Абад облусунда түнкүсүн +18…+23°C, күндүз +32…+37°C;
  • Баткен облусунда түнкүсүн +18…+23°C, күндүз +32…+37°C;
  • Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +11…+16°C, күндүз +22…+27°C;
  • Нарын облусунда түнкүсүн +7…+12°C, күндүз +23…+28°C.

Бишкек шаарында өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Абанын эң төмөнкү температурасы түнкүсүн +18…+20°C, эң жогоркусу күндүз +33…+35°C болот.

Чолпон-Ата шаарында жамгыр жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Абанын эң төмөнкү температурасы түнкүсүн +14…+16°C, эң жогоркусу күндүз +22…+24°C болот.

Scroll to Top