Улуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлатЕвробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдүСадыр Жапаров Армения менен транспорттук кызматташтыкты кеңейтүү маанилүү экенин билдирдиЕреванда кыргыз-армян кызматташтыгын өнүктүрө турган бир катар документтерге кол коюлду18-октябрь: өлкөнүн айрым аймактарында жамгыр жаайтАКШнын мамкатчысы Марко Рубио соода кызматташтыгын өнүктүрүү үчүн Борбор Азияга келе жатат
Массалык баш аламандыкка чакырык жасаган Threads тармагынын дагы бир колдонуучусу кармалды
26.07.2026 | 10:05

УКМКнын басма сөз кызматы билдиргендей, Бишкекте КР Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси («Массалык баш аламандыктар») менен козголгон кылмыш ишин тергөөнүн алкагында 1984-жылы туулган К.Н.Б. аттуу жаран кармалды.
Мекеменин маалыматы боюнча, кармалган жаран Threads социалдык тармагында массалык баш аламандыктарды уюштурууга, зомбулук, мүлктү жок кылуу, өрттөө жана башка укукка жат аракеттер менен коштолгон мыйзамсыз массалык акцияларга катышууга чакырган чагымчыл мүнөздөгү билдирүүлөрдү системалуу түрдө жарыялап келген.


Мындан тышкары, УКМКнын ырасташынча, таратылган материалдар өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалды туруксуздаштырууга багытталган.
Тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүүнүн жашаган жеринен маалымат алып жүрүүчү электрондук каражаттар жана кылмыш иши үчүн маанилүү болгон башка буюмдар алынды. Алар боюнча тиешелүү соттук экспертизалар дайындалды.

Сурак учурунда шектүү буга чейин аныкталган мыйзамсыз мазмундагы билдирүүлөргө тиешеси бар экенин мойнуна алды. Учурда ал Жазаларды аткаруу кызматынын (ЖАК) тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө аракеттери уланууда.
Мекеме массалык баш аламандыктарды уюштуруу, аларга чакырык жасоо, ошондой эле жарандарды мыйзамсыз массалык акцияларга тартууга багытталган материалдарды интернетте жайылтуу Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык кылмыш жоопкерчилигине алып келерин эскертти.