«Манас» аэропортун реконструкциялоого 130 млн доллар сарпталатУКМК: Баткен облусунда Тажикстанга малды мыйзамсыз өткөрүү каналы аныкталдыКыргызстанда майыптыгы бар адамдарды жумушка алуудан баш тарткандар үчүн айып салуу сунушталууда — мыйзам долбоору2027-жылы Жогорку Кеңештин чыгымдары 216 млн сомго көбөйтүлөтКочкордон чыккан көмүр Бишкек ЖЭБине темир жол аркылуу биринчи жолу жеткирилдиБишкекте балдардын КРВИ оорусу боюнча телефон аркылуу кеңеш берүү кызматы ишке кирди — байланыш номурлары
27-майда Курман айтка байланыштуу КТБлар иштебейт
19.05.2026 | 16:57

27-майда Курман айт майрамына байланыштуу республика боюнча бардык Калкты тейлөө борборлору (КТБ) жабык болот. 28-майдан тарта КТБлар кадимки (штаттык) режимде ишин улантат.
Мамлекеттик кызматтарды алууга муктаж болгондорго «Кызмат» мамлекеттик ишканасы «Түндүк» мобилдик тиркемесин колдонууну сунуштайт.
Тиркемеде электрондук кезекке туруу, ID-картаны жана жалпы жарандык (чет өлкөлүк) паспортту тариздөө, электрондук кол тамга алуу, жашаган жери боюнча онлайн-каттоодон өтүү, аты-жөнүн өзгөртүү, күбөлүктөрдү алуу жана кайра берүү, ошондой эле маалымкаттарды жана көчүрмөлөрдү алуу сыяктуу кызматтар жеткиликтүү.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом