«Манас» аэропортун реконструкциялоого 130 млн доллар сарпталатУКМК: Баткен облусунда Тажикстанга малды мыйзамсыз өткөрүү каналы аныкталдыКыргызстанда майыптыгы бар адамдарды жумушка алуудан баш тарткандар үчүн айып салуу сунушталууда — мыйзам долбоору2027-жылы Жогорку Кеңештин чыгымдары 216 млн сомго көбөйтүлөтКочкордон чыккан көмүр Бишкек ЖЭБине темир жол аркылуу биринчи жолу жеткирилдиБишкекте балдардын КРВИ оорусу боюнча телефон аркылуу кеңеш берүү кызматы ишке кирди — байланыш номурлары
Жээнбек Кулубаев Мозамбик жана Намибияга расмий сапар менен барат
19.05.2026 | 17:09

9-22-май күндөрү Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Мозамбикке жана Намибияга расмий сапарлар менен барат. Бул кыргыз дипломатиясынын тарыхында аталган өлкөлөргө жасалган алгачкы сапар болуп саналат.
Тышкы иштер министрлигинин маалыматында, сапарлар Африка өлкөлөрү менен эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыкты чыңдоо, ошондой эле саясий диалогду өнүктүрүү максатын көздөйт.
Министр Мозамбик жана Намибиянын расмий өкүлдөрү менен жолугушуп, кызматташтыктын учурдагы абалын жана келечегин талкуулайт. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында эки тараптуу мамилелердин келишимдик-укуктук базасын кеңейтүүгө багытталган документтерге кол коюу пландалууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат