3-июнга карата аба ырайы

3-июнга карата аба ырайы
(Сүрөт: В. Ушаков)

Кыргызгидромет билдиргендей, түнкүсүн Нарын облусунун көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде, Ош облусунун тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Ош облусунда жана калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде, Чүй облусунун тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй облусунун дыйканчылык зонасында жана Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусу

түнкүсүн +10…+15

күндүз +27…+32

Талас облусу

түнкүсүн +8…+13

күндүз +26…+31

Баткен облусу

түнкүсүн +15…+20

күндүз +30…+35

Ош, Жалал-Абад облустары

түнкүсүн +15…+20

күндүз +30…+35

Ысык-Көл облусу

түнкүсүн +6…+11

күндүз +19…+24

Нарын облусу

түнкүсүн +6…+11

күндүз +16…+21

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с.  Абанын төмөнкү температурасы түнкүсүн 13…15, күндүзгү жогорку температурасы 30…32. чейин жетет.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: аба ырайы

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>