Кыргызстанда апрель айына күтүлгөн аба ырайы

Кыргызстанда апрель айына күтүлгөн аба ырайы

Кыргызгидромет апрель айына карата күтүлгөн аба ырайынын болжолун жарыялады. Абанын айлык орточо температурасы жана жаан-чачындын айлык көлөмү климаттык нормага жакын болушу күтүлөт.

Чүй облусунда

Абанын айлык орточо температурасы нормадан 1…1,5 градус жогору болот. Апрель айынын ичинде 12…14 градус жылуу болсо, тоо этектеринде жана Кемин өрөөнүндө 7…9 градуска көтөрүлөрү күтүлөт.

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 3…8 градустан 11…16га чейин, күндүз 8…13төн 18…23 градуска чейин жылыйт. Ал эми кээ бир күндөрү 26…31 градус ысык болору күтүлүүдө.

Кемин өрөөнүндө жана тоо этектериндеги райондордо абанын температурасы түнкүсүн 1…6 градус жылуулуктан 7…12ге чейин, күндүз 6…11 градустан 15…20 градуска чейин жогорулайт. Ал эми кээ бир күндөрү 21…26 градуска жетиши ыктымал.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт.

Талас облусунда

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 1…6 градустан 10…15 градуска чейин, күндүз 7…12 градустан 17…22 градуска чейин жогорулашы күтүлөт. Ал эми кээ бир күндөрү күн ысып, 25…30 градуска чейин жетет.

Айдын кээ бир күндөрүндө түнкүсүн жана эртең менен абанын температурасы -3…-5 градуска чейин төмөндөп, үшүк жүрүшү мүмкүн (мындай үшүк жүрүүнүн ыктымалы ушул мезгилде 40-70 пайызды түзөт).

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт.

Ош облусунда

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1…1,5 градус жогорулап, 14…16 градус жылуу, ал эми райондордо 10…12 градус жогорулашы күтүлөт.

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 3…8 градус жылуулуктан 10…15ке чейин, күндүз 12…17 градус жылуулуктан 21…26га чейин чыгып, өзгөрүлүп турушу күтүлөт. Ал эми кээ бир күндөрү абанын температурасы 27…32 градлуска чейин жетиши мүмкүн.

Айдын кээ бир күндөрүндө түнкүсүн жана эртең менен өрөөндөрдө 0…-2 градуска чейин, тоо этектериндеги райондордо -1…-3 градуска чейин төмөндөп, үшүк жүрүшү мүмкүн (мындай үшүк жүрүүнүн ыктымалы ушул мезгилде 20-40 пайызды түзөт).

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт.

Жалал-Абад облусунда

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1…1,5 градус жогору болуп, 14…16 градус жылыйт. Аны менен катар эле тоо этектериндеги райондордо 10…12 градус жылуу болушу күтүлөт.

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 3…8 градустан 10…15 градуска чейин, күндүз 12 … 17 градустан 21…26 градуска чейин жогорулашы күтүлөт. Кээ бир күндөрү аптап болуп, абанын температурасы 27…32 градуска чейин ысышы күтүлөт.

Тоо этектериндеги райондордо ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 1…6 градустан 7…12 градуска чейин көтөрүлүп, күндүз 8…13 градустан 16…21 градуска чейин жогорулашы мүмкүн.

Баткен облусунда

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 3…8 градустан 10…15 градуска чейин жогоруласа, күндүз 12…17 градустан 21…26 градуска чейин жылып, өзгөрүлүп турат. Кээ бир күндөрү аптап болуп, абанын температурасы 27…32 градуска жетет.

Тоо этектериндеги райондордо ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 1…6дан тарта 7…12 градуска көтөрүлүп, күндүз 8…13 градустан баштап 16…21ге чейин жылый турганын айтышты. Кээ бир күндөрү 22…27 градуска чейин жогорулашы күтүлөт.

Айдын кээ бир күндөрүндө түнкүсүн жана эртең менен өрөөндөрдө 0…-2, тоо этектериндеги райондордо -1…-3 градуска чейин түшүп, үшүк жүрүшү мүмкүн (мындай үшүк жүрүүнүн ыктымалы ушул мезгилде 20-40 пайызды түзөт). Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт.

Ысык-Көл облусунда

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -4…+1 градус болуп, 4…9 градуска чейин көтөрүлөт. Күндүз абанын температурасы 6…11 градустан 13…18 градуска чейин жогорулайт. Кээ бир күндөрү 19…24 градуска чейин ысышы күтүлөт.

Нарын облусунда

Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде туруп, 7…9 градус жылуу болушу күтүлөт.

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -1…-6 градус сууктан 2…7 градуска чейин жылыйт. Күндүз 5…10дон көтөрүлүп, 12…17 градуска чейин жетет. Кээ бир күндөрү 18…23 градуска чыгат.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>