Айып пул көбөйгөндөн кийин каршы тилкеге чыккан айдоочулар азайды

Айып пул көбөйгөндөн кийин каршы тилкеге чыккан айдоочулар азайды

Айып пулдар көтөрүлгөндөн тартып, каршы тилкеге чыгып айдаган айдоочулардын саны азаюуда. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, буга чейин кээ бир айдоочулар адамдын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч туудуруп, каршы тилкеге чыгуу менен жол эрежелерин одоно бузган учурлар көп катталып келсе, акыркы күндөрү мындай көрүнүштөр азайып жаткандыгы байкалууда.

«Анын себеби мурда каршы тилкеге чыгып айдагандар үчүн жоопкерчилик 5 500 сом болсо, жаңы өзгөрүүлөргө ылайык, 15 миң сомго жогорулаган. Ошондуктан айдоочулар жоопкерчиликтен коркуп, жол эрежелерин так сактоого аракет кылууда», — деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, жол эрежелерин бузуулар үчүн жоопкерчиликтин катаал шарттарына ылайык, эреже бузуулардын баардык түрү азаюуда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>