Кыргызстан күйүүчү май жеткирүү боюнча алты өлкө менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө

Кыргызстан ички рынокту күйүүчү-майлоочу материалдар (КММ) менен туруктуу камсыз кылуу максатында Орусия, Казакстан, Беларусь, Азербайжан, Өзбекстан жана Түркмөнстандын мамлекеттик органдарына расмий кайрылууларды жөнөттү. Учурда жеткирүү булактарын диверсификациялоо жана эл аралык кызматташтыкты кеңейтүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди.
Мекеме учурда республикада КММдин жетиштүү запасы түзүлгөнүн жана жеткирүүлөр мурда түзүлгөн келишимдердин негизинде туруктуу ишке ашырылып жатканын кошумчалады.
Ошондой эле энергетикалык коопсуздукту чыңдоо максатында «Жунда» мунай иштетүүчү заводунун жана «Кыргызнефтегаз» ишканасынын ишине өзгөчө көңүл бурулуп жатканы айтылды. Мындан тышкары аталган ишканалардын өндүрүш көлөмүн көбөйтүү жана технологияларды оптималдаштыруу боюнча тапшырмалар берилген.
Белгилей кетсек, Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы Орусия тарабынан киргизилген бензин жана авиакеросинди экспорттоого убактылуу тыюу салуу Кыргызстандын ички рыногунун туруктуулугуна таасирин тийгизбей турганын билдирген. Мекеме нефтетрейдерлер менен биргеликте ички рыноктогу баа саясатын, логистиканы жана товардык запастарды күн сайын көзөмөлгө алуу иши жүрүп жатканын маалымдаган.