48 саатка камалган саясатчы, активисттердин тизмеси
“Кылым шамы” укук коргоо борборунун негиздөөчүсү Азиза Абдирасулова 23-октябрда бир катар активисттер менен саясатчылардын 48 саатка камалганын жазды. Алар 48 саатка камакка алынган.
Тизме:
– Конституциялык соттун экс-судьясы Клара Сооронкулова,
– БШКнын экс-мүчөсү Гүлнара Журабаева,
– активист Эрлан Бекчороев,
– саясатчы Жеңиш Молдокматов,
– активист Перизат Суранова,
– Жогорку Кеңештин экс-депутаты Равшан Жеенбеков,
– Жогорку Кеңештин экс-депутаты Асия Сасыкбаева,
– активист Рита Карасартова,
– блогер Али Шабдан,
– активист Таалай Мадеминов,
– активист Улугбек Маматаев,
– Экс-элчи Азимбек Бекназаров,
– өкмөттүн Талас облусундагы мурдагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Бузурманкулов,
– активист Нурлан Асанбаев,
– активист Чыңгыз Капаров.
Активист Атай Бейшенбек да кармалып, ал 48 саатка убактылуу кармоочу жайга камалганын адвокат Замир Жоошев билдирди.
Ошондой эле Жогорку Кеңештин экс-депутаты Кенатбек Исаевдин Биринчи май сотунун чечими менен бир айга камакка алынганы белгилүү болду.
Мындан тышкары, Коопсуздук кеңешинин экс-катчысы Кеңешбек Дүйшөбаев, журналист Айданбек Акматов, саясатчы Бектур Асанов, активисттер Талант Эшалиев, Кубанычбек Кадыров 48 саатка камакка алынганы кабарланды. Тизме толукталууда.
Активисттердин камалышы боюнча ИИМ түшүндүрмө берип, Кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси «Массалык баш аламандыктарды уюштурууга даярдануу» менен козголгон кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүп жатканын билдирген.
Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз