«Бизди эч ким сындыра албайт» — Садыр Жапаров «Бишкек Аренанын» ачылышында«Бишкек Аренада» стадиондун ачылышына арналган масштабдуу концерт башталдыЖаңы Зеландияда дүйнөдөгү эң оор курт-кумурсканы жок болуп кетүүдөн сактап калышты2026-жылдагы медицина боюнча Нобель сыйлыгы оптогенетиканы жаратканы үчүн ыйгарылдыКыргызстандагы ар бир мектепке ИИМдин жетекчилик курамынан кызматкер бекитилдиКыргызстандын кайсы банкы эң көп насыя берген
Бишкектин 12-кичи районунда тез татым жайларынан өрт чыкты
25.09.2026 | 10:36

Бүгүн, 25-сентябрда, Бишкек шаарынын 12-кичи районунун Н. Жетикашкаева көчөсүндө жайгашкан тамактануучу жайлардан өрт чыкты. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, өрт толугу менен өчүрүлдү.
Өрт тууралуу билдирүү саат 03:22де түшкөн. Кырсык болгон жерге 1 күжүрмөн эсеп тартылып, өрт саат 04:36да толук өчүрүлгөн.
Күбөлөрдүн билдирүүсүнө ылайык, кырсыктын кесепетинен «Бегемот» жана «Оазис» тез татым түйүндөрү күйгөн. Өрттүн келип чыгуу себептери, келтирилген зыяндын көлөмү жана жабыркагандар боюнча маалыматтар такталууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар
Теги: Бишкек