Борбордук шайлоо комиссиясы Темирлан Ормуков президенттик кызматка талапкер болуу үчүн тапшырган документтерин кайтарып алуу үчүн кайрылганын кабарлады.
Ага ылайык, акын БШКга кечээ 7-декабрда арызын кайтарып алуу өтүнүчү менен кайрылган.
Белгилей кетсек, мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоонун үгүт иштери 15-декабрда башталат, ал эми 2021-жылдын 10-январында шайлоо өтөт.