2025-жылы билим берүү жана илим тармагына 78,3 млрд сом багытталган

2025-жылы Кыргызстанда билим берүү жана илим тармагына 78,3 млрд сом багытталган. Бул тууралуу 21-сентябрда Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында финансы министринин орун басары Үмүтжан Аманбаев билдирди.
Ал 2025-жылга республикалык бюджеттин аткарылышы боюнча отчеттун алкагында маалымат берди.
Чыгымдардын негизги бөлүгү — 72,9 млрд сом республикалык бюджеттен каржыланган. Дагы 4,7 млрд сом атайын каражаттардын эсебинен, 700 млн сом мамлекеттик инвестициялар программасынын алкагында бөлүнгөн.
Жалпы каражаттын жарымынан көбү эмгек акы фондуна жумшалып, 54,3 млрд сомду түзгөн.
Жалпы билим берүүчү мектептерге 40 млрд сом, мектепке чейинки билим берүүгө 10,7 млрд сом багытталган.
Башталгыч кесиптик билим берүүгө 2,8 млрд сом, орто кесиптик билим берүүгө 429,8 млн сом бөлүнгөн. Жогорку кесиптик билим берүүгө дагы 1 млрд сом багытталган. Орто кесиптик билим берүү мекемелеринин окуучуларынын стипендиясына 10,7 млн сом, жогорку окуу жайлардын студенттеринин стипендиясына 105,9 млн сом каралган.
Окуу китептерин басып чыгарууга 815,4 млн сом жумшалган. Башталгыч класстардын окуучуларын мектепте тамактандырууга 1 млрд 136,4 млн сом багытталган.
Мектептерди оңдоого жана чарбалык чыгымдарга дагы 552,3 млн сом бөлүнгөн.
Мугалимдер үчүн ноутбуктарды сатып алуу өзүнчө чыгаша беренеси болгон. Бул максатка 2025-жылы 686 млн сом багытталган.