6 миң жана 30 миң сом пенсия алгандарга канча акча кошулат? Жооп

6 миң жана 30 миң сом пенсия алгандарга канча акча кошулат? Жооп

Бүгүн, 15-сентябрда Бишкекте өткөн маалымат жыйында Социалдык фонддун жетекчиси Бактияр Алиев 6 миң сом пенсия алган жарандарга 1-октябрда пенсия көтөрүлгөндө, канча акча кошулары тууралуу айтып берди.

Алиев пенсия камсыздандыруу жана базалык бөлүктөн турарын айтып, быйыл 1-октябрда 30 миң сомго чейин пенсия алган жарандардын пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү 38%га (кеминде 500 сомго) көбөйтүлө турганын белгиледи. Ал Социалдык фонддун каражаттарынын эсебинен көбөйтүлүүдө.

Эскерте кетсек, ар бир жарандын пенсиясынын камсыздандыруу бөлүгү, убагында канча камсыздандыруу төгүмүн чегергенине жараша аз же көп болот.

Ал эми пенсиянын базалык бөлүгү быйыл көтөрүлбөйт. Базалык бөлүк былтыркы жылы көтөрүлүп, учурда 3 миң 170 сомду түзөт (пенсиянын бул бөлүгү мамлекет тарабынан төлөнөт). Белгилей кетсек, базалык бөлүк пенсияны үч жашоо минимумунан аз алган пенсионерлерге берилет (азыр пенсионердин жашоо минимуму 6 миң 813 сомду түзөт).

Маалымат жыйында журналист Социалдык фонддун башчысынан 1-октябрда 6 миң сом пенсия алгандарга канча акча кошуларын сурады.

Суроого жооп берип жатып Алиев 6 миң сомдун 3 миң 170 сому мамлекет тарабынан төлөнгөн базалык бөлүк экенин, калган 2 миң 820 сомду (камсыздандыруу бөлүгүн) 38%га көбөйтсө, 6 миң сом пенсия алгандарга 1 миң сомдун тегерегинде акча кошуларын билдирди.

Белгилүү болгондой, 1-октябрда 30 миң сомго чейин пенсия алгандардын гана пенсиясы көтөрүлөт. Ал эми пенсиясы 30 миңден жогоркулардыкы боюнча учурда эсептөөлөр жүрүүдө.

Бактияр Алиевдин эсептөөсүнө таянып, 30 миң пенсия алгандарга канча акча кошуларын эсептеп көрсөк. Башында айтылгандай, үч жашоо минимумунан (20 миң 439 сом) көп пенсия алгандарга базалык бөлүк (3 миң 170 сом) берилбейт. Алардын катарында 30 миң сом пенсия алгандар да бар. Мындан улам 30 миңди 38%га көбөйтүп, пенсиясы 30 миң сом болгондорго 11 миң 400 сом кошуларын көрүүгө болот.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>