Ниязбеков КМШ өлкөлөрүнүн ИИМ башчыларынын жыйынына катышты

Ниязбеков КМШ өлкөлөрүнүн ИИМ башчыларынын жыйынына катышты

Ички иштер министри Улан Ниязбеков Казакстанда КМШ мамлекеттеринин ички иштер министрлеринин кеңешинин кезектеги жыйынына катышты. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Иш-чара бүгүн, 15-сентябрда Түркестан шаарында өттү. Жыйынга Азербайжандын, Армениянын, Беларустун, Казакстандын, Кыргызстандын, Россиянын, Тажикстандын, Түркмөнстандын жана Өзбекстандын ички иштер министрликтеринин делегациялары, ошондой эле КМШнын (КМШ) Аткаруу комитетинин, КМШга мүчө мамлекеттердин Терроризмге каршы борборунун жана Уюшкан кылмыштуулукка жана кылмыштардын башка коркунучтуу түрлөрүнө каршы күрөшүүнү координациялоо боюнча бюросунун өкүлдөрү катышты.

«Катышуучулар мамлекеттер аралык издөөнү ишке ашыруу, киберкылмыштуулукка жана баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү, транспорттогу кылмыштуулукка каршы аракеттенүү маселелерин, ошондой эле 2019-2023-жылдарга кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча биргелешкен чаралардын мамлекеттер аралык программасын ишке ашыруунун жүрүшүн кеңири талкуулашып, биргелешкен ыкчам-алдын алуу иш-чараларынын жана атайын операциялардын жыйынтыктары чыгарылды», — деп айтылат маалыматта.

Жыйында Кыргызстандын ИИМинин башчысы катышуучуларга Кеңеш тарабынан кабыл алынган чечимдердин аткарылышынын жүрүшү, биргелешкен долбоорлордун жана эл аралык программалардын ишке ашырылышы тууралуу маалымат берген.

«Төрагалык кылуу мезгилинде биз КМШга мүчө мамлекеттердин ички иштер министрликтеринин стратегиялык өз ара аракеттенүүсүн бекемдөө боюнча бардык зарыл уюштуруу иш-чараларын жүргүздүк. Мындан тышкары, Координациялык ишмердүүлүктүн ыкчамдыгы жана натыйжалуулугун камсыздоо максатында, Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлиги шериктеш өлкөлөрдүн министрликтери жана бюро менен тыгыз байланышта ыкчам чечимдерди кабыл алуу үчүн толук маалымдуулукту камсыздаган так маалымат алмашуу жана кайра байланыш тутумун иштеп чыкты», — деди Ниязбеков.

Мөөнөтү бүткөнүнө байланыштуу Улан Ниязбеков аталган кеңештин төрагасынын ыйгарым укуктарын казак тарапка өткөрүп берген.

«Кеңештин атынан Казакстандын ИИМине мамлекеттердин ички иштер министрлеринин кеңешинин эгидасынын астында бул конференцияны мыкты уюштургандыгы жана өткөргөндүгү үчүн ыраазычылык билдирем. Ошондой эле, мен Кеңешке төрагалык кылган мезгилде жемиштүү жана активдүү кызматташууңуз үчүн сиздерге, урматтуу кесиптештериме, бюрого жана министрликтерге чын дилимден ыраазычылык билдирем. Эми өз ыйгарым укуктарымды Казакстандын ички иштер министри Ержан  Саденовго өткөрүп берип, ички иштер министрлер кеңешинин төрагасы кызматына ийгиликтерди каалайм», — деп жыйынтыктады Улан Ниязбеков.

Иш-чарада акыркы жылдары  чек аралар аралык уюшкан кылмыштуулуктун классикалык түрлөрү менен катар уюшкан кылмыштуулуктун (улуттар аралык) жаңы түрлөрү да пайда болгону белгиленген.

«Алар менен эл аралык деңгээлде күрөшүү  координациялоону талап кылат. Кылмыштуулук татаал жана көп кырдуу коркунуч болуп саналат, ага өлкөлөр жалгыз реакция кыла албайт. Ошондуктан иш-аракеттердин ырааттуулугу жана эл аралык координация жамааттык коопсуздукту камсыздоо механизмдерин бекемдейт. Андан сырткары, жыйында КМШга мүчө мамлекеттердин ички иштер министрликтеринин ортосунда укукка каршы жосундарды жасоого жакындыгы бар адамдарга карата, анын ичинде КМШга кирген өлкөлөрдүн аймагында маалымат алмашуу боюнча иштерди улантуу сунушталды», — деп айтылат маалыматта.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: ИИМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>