61 жаштагы аксакал 35 миң сомдук телефон уурдады

61 жаштагы аксакал 35 миң сомдук телефон уурдады

3-январь күнү Бишкек шаарынын Ленин райондук милицияга Д.М. аттуу жаран 2-январь күнү саат 19:20 чамасында  Бишкек шаарынын Ч.Айтматов проспектисинин боюнда жайгашкан соода жана оюн-зоок борборлорунан өспүрүм  баласынан 35 миң 500 сомдук Samsung S 10 үлгүсүндөгү уюлдук телефонун жашыруун түрдө уурдап кеткени боюнча арыз менен кайрылган.

Аталган факты Бишкек шаарынын Ленин райондук милицияга катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин 2-бөлүмү (уурдоо) менен кылмыш иши козголгон. Милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү 1961-жылы туулган А.Н. тергөө кызматына алынган. Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочуу жайына киргизилген. Бишкек шаарынын Ленин райондук соту ага 18 суткага Бишкек шаарындагы СИЗО-1ге камакка алуу чечимин чыгарган.

Учурда кармалган жарандын борбор калаада жасалган башка ушул сыяктуу кылмыштарга катыштыгы бар экендигин аныктоо боюнча зарыл болгон тергөө амалдары жана ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>