8-март: ИИМде милиционер айымдарды куттукташты — сүрөт

8-март: ИИМде милиционер айымдарды куттукташты — сүрөт

Бүгүн, 7-мартта ИИМдин коллегия залында 8-март Эл аралык айымдар күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, министр Улан Ниязбеков, милиционер айымдарды куттуктап, кызматтык ишинде жогорку ийгиликтерге жетишкен милиция кызматкерлерине сыйлыктарды тапшырды.

“Кыргызда «аял-эне, аял-бакыт, аял-жар» деген жакшы сөз бар. Ага улай баарыбызга өмүр, ченемсиз бакыт тартуулаган аялзаты экенин эч ким тана албайт.  Жашообуздагы чоң түйшүктү мойнуна артып, чоң жоопкерчилик менен бала тарбиялап, үзүлгөндү улап, адамзаттын улуулугун даңазалап келген аялзаттын эмгеги зор.

Жарыкчылыкта эненикине теңдеш мээрим болбойт, ошондуктан оболу бардык энелерге башымды ийип таазим этем. Кыргыз элинин байыркы тарыхында айкөл Манасты берген Чыйырдыдан тарта Каныкей менен Айчүрөк, Жаңыл Мырза менен Кыз Сайкал, Курманжан Датка сыяктуу даанышман, каарман жана мээнеткеч аялзатынын образы калыптанган. Биздин да кызматкерлердин арасында айкөл, эр жүрөк, кайраттуу айымдар кызмат өтөшөт, биз да алар менен сыймыктанабыз», — деп баса белгиледи ички иштер министри.

Салтанаттуу иш-чарада Улан Ниязбеков кызматтык ишмердүүлүгүндө жогорку натыйжаларга жетишкен кызматкерлерине ведомстволук сыйлыктарды тапшырды.

Министр белгилегендей, өткөн жылы ички иштер министрлигинин кызматкерлери кандидаттык диссертациясын жактап, илимий ишинде ийгиликтерге жетишкен.

2022-жылы ИИМдин кызматкерлери ар кандай спорттук турнирлерде, анын ичинде эл аралык мелдештерде 10 жолу алдыңкы орундарды ээлешкен.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>