Президент Кыргызстанда жаңы авиакомпанияларды каттоого коюлган мораторийди алып салдыТогуз айда Кыргызстанда өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 685,4 млрд сомду түздүСадыр Жапаров Бишкекте ТҮРКПАга мүчө өлкөлөрдүн парламент спикерлерин кабыл алдыБишкекте скульптор Виктор Шестопалдын юбилейлик көргөзмөсү өтөтЧет өлкөлүк капиталы бар ишканалар 2025-жылы 109 млрд сом пайда таптыНарын дарыясында мыйзамсыз балык уулаган жарандарга айып пул салынды
Токмокто 24 жаштагы жигит 9-кабаттан секирүүгө аракет кылды
07.03.2023 | 15:21
Бүгүн, 7-мартта Токмок шаарында куткаруучулар өз өмүрүн кыюуга аракет кылган жаранды сактап калышты. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, ӨКМге курулушу бүтө элек 9 кабаттуу турак үйдөн 24 жаштагы А.Ж. аттуу жигит секирип, өз өмүрүн кыюуга аракет кылып жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Жерине ыкчам түрдө Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Токмок шаардык №21 ӨКБдан 4 куткаруучу тартылып, жогоруда аталган жаранды сүйлөшүү жолу менен аман-эсен алып түшүп, жакындарына өткөрүп беришти.
Алдын ала маалымат боюнча аталган адамдын абалы туруктуу.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом