80 кишинин каза болгондугуна карабай туугандары анын пенсиясын алышкан

80 кишинин каза болгондугуна карабай туугандары анын пенсиясын алышкан

2023-жылы каза болгон 80 жарандын туугандары алардын пенсиясын банктык карточкасы аркылуу чыгарып алышкан. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин бюджет комитетинин жыйынында Социалдык фонддун төрагасы Бахтияр Алиев билдирди.

Анын айтымында, жалпысынан 8 миллион сом пенсия төлөнгөн.

Бахтияр Алиев өткөн жылы дагы 280 ушундай окуялар катталып, анда көзү өтүп кеткен жарандарга 28 миллион пенсия берилгенин кошумчалады.

Депутат Дастан Бекешев Социалдык фондго Саламаттыкты сактоо министрлигинен түз маалымат алып турууну жана мындайга жол берген мамлекеттик кызматкерлерди жазалоону сунуштады.

Белгилей кетсек, Социалдык фонд мындай окуялардан улам банктар пенсионерлерден өзү тууралуу маалыматты ар ар жарым жыл сайын жаңылап турууну талап кыларын кабарлаган.

Пенсия алуу үчүн жаңы талаптар киргизилдиби? Соцфонддун жообу

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>