Бишкекте тургундан 23,3 миң доллар алып, алдап кеткен шектүү кармалды

Бишкекте тургундан 23,3 миң доллар алып, алдап кеткен шектүү кармалды

Бишкекте алдамчылыкка шектүү аял кармалды. Бул тууралуу Октябрь райондук милициясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 22-ноябрда милицияга Т.К. аттуу жаран кайрылган. Ал арызында билдиргендей, быйыл июль-август айларында Ш.Г. аттуу аял батир алууга жардам берем деген шылтоо менен 23 миң 300 доллар акчасын алып, алдап кеткен.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-издөө иштеринин жүрүшүндө шектүү катары 38 жаштагы Ш.Г. аттуу аял кармалган. Октябрь райондук сотунун чечими менен ал 2 айга тергөө абагына камакка алынган.

Милициядан билдиришкендей, учурда анын ушул сыяктуу кылмыштарга катыштыгы бар экендиги аныкталды.

Шектүүнүн кылмыштуу аракеттеринен жабыркаган же кандайдыр бир маалыматы бар жарандар болсо 0(708) 577 044, 0(502) 603 030 же 102 номерине кайрылса болот.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>