Жалал-Абаддагы Чанач-Сай суу сактагычы кеңейтилүүдөКыргызстанда шайлоого катышуу эмгек стажына кошулушу мүмкүнШавкат Мирзиёев Өзбекстанда экинчи АЭСтин курулушун жарыяладыVI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата илимий макалалар жыйнагы басылып чыгатЧүй облусунда «ГЛАСС ЦЕНТР» айнек заводу ишке киргизилет«Бишкекгаз» 2–3 күнгө Бишкектин эки районунда газды өчүрөт
9 айда жумушсуздардын саны 6,2% кыскарып, 13 миң адам иш тапты
28.10.2023 | 12:55
2023-жылдын тогуз айында расмий жумушсуздардын саны өткөн жылга салыштырмалуу 6,2% га кыскарды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.
Жалпы жумушсуздуктун деңгээли 0,4% га төмөндөгөн.
Бишкек жана Чүй облусунда башка аймактарга салыштырмалуу жумушсуздардын саны аз. Баткен жана Жалал-Абад облустарында иши жок жарандардын саны арбын.
Министрликтин маалыматында, январь-сентябрь айларында 13 миңге жакын кыргызстандык ишке орношту.
Жыл башынан бери иш берүүчүлөр тарабынан 18,8 миң бош жумуш орун берилген, алардын 70% га жакыны жабылган.
6 миң жумуш орду талап кылынбай калган.
Жумушсуздук боюнча жөлөкпул (300-600 сом өлчөмүндө) 134 жумушсуз жаранга берилген.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом