ФАОнун азык-түлүк бааларынын индекси сентябрда бир жылда 5,8% өстүКыргызстанда төрөттүн жыйынды коэффициенти 2,6га чейин төмөндөдүКыргызстан менен Орусия ветеринария тармагында кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюштуТүрк мамлекеттери саламаттык сактоо боюнча 2026–2027-жылдарга план бекитиштиКыргызстандын калкынын саны 7,4 млн адамга жеттиӨлкөдө күн ачык болот: 3-октябрга карата аба ырайынын божомолу
Нарындын мурдагы башчысы Адылбек Эсенбеков кармалды
28.10.2023 | 12:48
Бишкекте Нарын облусунун мурдагы башчысы Адылбек Эсенбеков кармалды. Бул тууралуу Reporter.kg’ге күч түзүмдөрүндөгү өздүк булактары билдирди.
Маалыматка караганда, ал массалык башаламандыктарга чакырык жасоого шектелип кармалган. Учурда ал Бишкек шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.
Белгилүү болгондой, буга чейин ал Нарын шаардык кеңешинин төрагасы, Нарын шаарынын суу чарба башкармалыгынын башчысы болгон.
Күч түзүмдөрүнүн маалыматы боюнча, ал буга чейин Кылмыш-жаза кодексинин (эски редакциясы) 171-беренеси (ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) же 304-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартылган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом