9 жылдан бери Кыргызстанда жашырынып жүргөн кытай жараны кармалды (ВИДЕО)

9 жылдан бери Кыргызстанда жашырынып жүргөн кытай жараны кармалды (ВИДЕО)

Өз өлкөсүндө алдоо жана каржы пирамидасын түзүү жолу менен ири суммадагы акча каражатын ээлеп алган Кытайдын жараны кармалды. Бул туурасында Ички иштер министрлигинен билдирди.

Маалыматка караганда,  милициянын мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча жүргүзүшкөн иш чараларынын жүрүшүндө 2013-жылы Кытайдан Кыргызстанга келген Кытайдын жараны 1971-жылы туулган Чж.Ч. аныкталган. Ал 2014-жылдан бери Кыргызстанда мыйзамсызжүргөн жана расмий органдарга өзүнүн келгендигин мыйзамдаштыруу үчүнкайрылган эмес.

Жогорудагы Кытай жараны Чж.Ч. Бээжин шаарындагы компаниялардын биринин башкаруучусу кезинде 2013-жылдын март айында алдоо жана каржы пирамидасын түзүү жолу менен 200 000 000 юань суммасындагы депозитти алып чыгып, белгисиз тарапка изин жашырып качып кеткен.

Бул факты боюнча чет өлкөлүк жаран Ч.Ч. карата Интерпол Кылмыш полициясынын эл аралык уюмунун багыты боюнча эл аралык издөө жарыяланган.

ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын кызматкерлери Кыргыз Республикасындагы Интерпол улуттук борбордук бюросу менен биргеликте жүргүзүшкөн иш-чаралардын жүрүшүндө

2022-жылдын 19-апрель күнү Бишкек шаарынын аймагынан Кытайдын жараны 1971-жылы туулган Чж.Ч. кармалган. Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун чечими менен Чж.Ч. карата

№1-тергөө абагына 1 айга камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы тандалды. Азыркы учурда мындан аркы ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүүдө. Кыргызстандын Башкы прокуратурасы аны өз өлкөсүнө эсктрадициялоо тууралуу маселени карап жатат.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>